Депутаттардын бири чыкканына 20 жылдан ашкан автоунааларды Кыргызстанга киргизбөөнү сунуштады

Заводдон чыкканына 20 жылдан ашкан автоунааларды Кыргызстанга киргизбөө сунушталууда. Мындай пикирди парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин 2-декабрдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев айтып чыкты. Депутат ушундай жол менен экологияга жана жарандардын ден соолугуна кам көрүү зарылдыгын айтат. "Жок дегенде мындай автоунааларды эл жыш жайгашкан Бишкек жана Ош шаарына алып кирүүгө чек коёлу. Чыкканына 30 жылдан ашып кеткен Жигули минип экологияны талкалоо туура эмес",- дейт депутат. 
Айта кетсек, чыкканына 7 жылдан ашкан унааларды жылына бир жолу техникалык кароодон өткөрүү демилгеси көтөрүлүүдө. Айрым депутаттар муну колдосо, башкалары мындай аракетти "коррупцияга жол ачат" деп атоодо. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан