“Кыргызстандын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында каралды. Демилгечилердин айтымында, менчик бала бакчаларды салыктардан бошотуу менен бала бакчалардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүгө болот. Ошондой эле бала бакчалардагы кызмат көрсөтүү акылары атаандаштыктын негизинде төмөндөй турганы айтылды.
Депутат Каныбек Осмоналиев мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу боюнча Жогорку Кеңеш 3 токтом кабыл алганын айтты. Салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов салыктан бошотулса эле бала бакчалардын саны өсөрүнө ишенбей турганын билдирди.
Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясын 1-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.