КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-декабрда иш сапары менен Сауд Арабияга барды. Белгилүү болгондой, өлкө башчы Сауд Арабиядан кийин 4-7-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында, 7-8-декабрда Катар мамлекетинде болот.
Президент аталган өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспекттерин жана өз ара кызыкчылык жараткан түрдүү тармактарда кызматташтыктын перспективасын талкуулайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.