Кыргызстанда мындан ары мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына 14 күндүн ичинде милдеттүү түрдө жооп берүүгө өтүшү мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоору парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 2-декабрдагы жыйынында каралып, 2-окууда колдоого алынды. Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, айрым мыйзамдарда жарандардын кайрылууларына жооп берүү үчүн 1 айлык мөөнөт каралган, ал эми айрым мыйзамдарда 14 күндүк мөөнөт каралган. Бул эки башка норманы бириктирүү үчүн "кайрылууларга 14 иш күндүк мөөнөттө жооп берилиши керек" деген жобо киргизилүүдө.