Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору 2014-жылдын 1-январына чейин ажылык зыяраттарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн эсептелген камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн диний уюмдарды бошотуу максатында иштелип чыккан. “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү диний уюмдарга белгилүү өткөөл мезгилде берилүүчү бир жолку акция катары каралат.
Комитет мыйзам долбоорун 1-окуудан жактыруу чечимин кабыл алды.