Орусия депутаттарына iPhone жана iPad көтөрүүдөн баш тартуу сунушталууда

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттарына коопсуздук үчүн iPhone жана iPad көтөрүүдөн баш тартуу сунушталууда. Депутаттарга мунун ордуна жөнөкөй уюлдук телефон көтөрүү кеңеши берилүүдө. Орусиялык маалымат булактары жарыялашкандай, тийиштүү токтом долбоорун Мамлекеттик Думанын Коопсуздук жана коррупция менен күрөшүү комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Горовцов даярдаган. Депутат мындай тыюуну мамлекеттик сырлардын сыртка оңой чыгып кетишинин алдын алуу менен байланыштырууда. "Эң жөнөкөй телефондорду колдонууга өтүү туура. Алар, биринчиден, коопсуздук талаптарына жооп бериши керек, экинчи функциясы - телефондук сүйлөшүүлөр",- дейт Горовцов. 
Горовцовдун айтымында, импорттук телефондордон биринчи кезекте жашыруун материалдарды алууга, бюджеттин жабык бөлүгү менен таанышууга укугу бар коопсуздук жана коргоо комитеттеринин мүчөлөрү баш тартышы керек.
Эскерте кетсек, быйыл жазында америкалык атайын кызматтар телефон аркылуу Германиянын канцлери Ангела Меркелге тыңшоо койгону белгилүү болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан