Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыкановго депутаттык суроо-талап жиберип, кагаз жүзүндө жооп берүүсүн тапшырды.
Текебаев суроо-талабынын негизинде бүгүнкү күндө жогорку окуу жайларына канча студент төмөнкү балл менен келишимдик түрдө киргизилип, окуп жаткандыгы боюнча маалымат берүүсүн тапшырды. Ал мындай студенттердин саны көп болушу мүмкүндүгүн билдирип, эгер мындай боло турган болсо, анда прокуратура кызматы андай жагдайлардын баарына чара көрүшү керектигин кошумчалады. “Мындай шартта биринчи кезекте кылмыш иши билим берүү жана илим министрине, анан тиешелүү жогорку окуу жайдын ректоруна, жетекчилерине козголушу керек”,- дейт депутат.
Эскерте кетсек, 24 абитуриентти Кыргыз-Орус Славян университетине мыйзамсыз түрдө кабыл алынганы боюнча билим берүү жана илим министри Канат Садыковдун жана аталган окуу жайдын ректору Владимир Нифадьевдин жоопкерчилигин кароону жакында Башкы прокуратура өкмөткө сунуштаган болчу. Ошондой эле бул факт боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев да айыпталууда. Ага кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат. Депутат аталган абитуриенттерди окууга кабыл алуу боюнча билим берүү жана илим министрине кат жибергени айтылган.