Орусиянын президенти Владимир Путин евразиялык интеграциянын шартында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоону бекитти. Муну бүгүн, 2-декабрда орусиялык маалымат булактары жарыялашты. Аталган документке 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында кол коюлган. Анда президенттер Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин уставдык капиталы 500 миллион долларлык Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун түзүүнү макулдашкан эле. Фондго аталган сумманын 100 миллион доллары быйыл 31-декабрга чейин, калган 400 миллион доллары 2016-жылдын 29-майына чейин түшмөкчү.