Кыргызстандын бардык облустарын жана Бишкек, Ош шаарларын быйылкы кышка көмүр менен камсыздоо 100 пайызга аткарылды. Муну бүгүн, 2-декабрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 1-декабрга карата өлкө аймактарындагы көмүрдүн 1 тоннасынын баалары төмөнкүдөй:
Чүй облусу - 3500-4600 сом
Нарын облусу - 2000-3500 сом
Талас облусу - 4200-5000 сом
Баткен облусу - 4500-8000 сом
Ош облусу - 3600-5100 сом
Жалал-Абад облусу - 3200-6000 сом
Ысык-Көл облусу - 2800-5500 сом
Ош шаары - 5000-5500 сом
Бишкек шаары - 3200-3600 сом
Быйыл Кыргызстанга жалпы 619 835 тонна көмүр керектелери айтылды.