Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасы Салман бин Абдель Азиз аль-Сауд менен жолугушту

2-декабрда президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабиядагы расмий иш сапарынын алкагында мураскор ханзаада Салман бин Абдель Азиз аль-Сауд менен жолугушту. Салман бин Абдель Азиз аль-Сауд президент Алмазбек Атамбаевдин сапары Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда өз ара аракеттенишүүнү активдештире турганын белгиледи. Жолугушууда эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосундагы саясий байланыштарды жөнгө салуунун жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын өкмөттөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенишүүгө дем берүүнүн зарылчылыгын баса белгилешти. Эки өлкөнүн ортосундагы экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндөгү өз ара карым-катнаштарында зор мүмкүнчүлүктөр бар экендиги айтылды.

Кыргызстан жана Сауд Арабия өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу тууралуу макулдашууга, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда аба байланышы жөнүндө макулдашууга кол коюлду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан