Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2-декабрда Москвада "Газпром" ЖЧКсынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жоомарт Оторбаев "Газпромдун" кыргыз рыногуна кириши менен жаратылыш газын туруктуу жеткирүү кепилдиги берилгенин жана газдын баасы арзандаганын, бул энергетикалык ресурстарды диверсификациялоого жакшы стимул болорун белгиледи. "Азыр энергоресурстардын балансын кайрадан бөлүштүрүү зарылчылыгына акцент жасоо кажет",- деди өкмөт башчы.
Алексей Миллер орусиялык тарап мурда жетишилген келишимдерди аткарууну кармана турганын жана эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн башка долбоорлор боюнча ачык диалог курууга даяр экенин белгиледи. "Өлкөнүн түштүгүндө газдын жоктугуна байланыштуу татаалдашкан кырдаалды эске алып, быйылкы жылытуу мезгили штаттык режимде өтүшү үчүн "Газпром" зарыл болгон бардык жардамды көрсөтүүгө даяр",- деди Миллер.