2-декабрда Москва шаарында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 17-жыйыны өттү. Жыйын жүрүшүндө тараптар энергетика, мунай өндүрүшү тармагы боюнча кызматташтыкты талкуулашты. Мунун ичинде Камбар-Ата 1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү ортосундагы макулдашууну ишке ашыруу маселеси тууралуу сүйлөшүү болду. Жыйындын алкагында Кыргызстандын Энергетика жана өнөр жай министрлигине, "Электр станциялары" ААКсына Орусиянын Энергетика министрлиги, "Интер РАО" ААКсы, "Русгидро" ААКсы, "Роснефтегаз" ААКсы менен биргеликте энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча буга чейин жетишилген келишимдерди өз убагында ишке ашырууну камсыздоо тапшырмасы берилди.
Тараптар өндүрүш, айыл чарба, миграция, билим берүү, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар, аба транспорту тармагында кызматташуу тууралуу кеңири пикир алышканы айтылды. Жыйынтыгында аталган комиссиянын 18-жыйынын Бишкекте өткөрүү макулдашылды.
Айта кетсек, комиссиянын бул жолку жыйынына премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Орусиянын Федералдык бажы кызматынын төрагасы Андрей Бельянинов жетекчилик кылды.