Өмүрбек Текебаев Түркмөнстандагы мелдештен жеңиштүү кайткан спортчуларды кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 2-декабрда Түркмөнстанда өткөн бел боо күрөшү боюнча эл аралык мелдештен жеңиштүү кайткан кыргызстандык спортчуларды кабыл алды. Делегациянын жетекчиси Камчыбек Жолдошбаев аталган мелдешке 25 өлкөдөн спортчулар катышканын, кыргызстандык 8 спортчу байгелүү орундарды алганын айтты. Текебаев жеңишке жетишкен спортчуларды куттуктап: "Эл аралык мелдештерде Кыргызстандын желеги көтөрүлгөнү кубандырат. Сергек жашоо образын пропагандалоо менен желегибиз тез-тезден көтөрүлүп турганы жакшы",- деп билдирди.

Депутат спортчулардын мындан аркы мелдештерине ийгиликтерди каалады.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан