Бишкек шаарынын бир катар жолдорун оңдоого багытталган мыйзам долбоорун парламенттин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети колдоду. Мындай чечим комитеттин 2-декабрдагы жыйынында кабыл алынды. Тагыраак айтканда, борбор шаардын 3 көчөсүнүн жолун оңдоого акча бөлүү тууралуу кыргыз-кытай өкмөттөрү ортосунда 2014-жылдын 29-сентябрында кол коюлган протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору жактырылды. Документке ылайык, кытай тарап 52,5 миллион кытай юанын бөлүп, шаардын М.Ганди көчөсү (Жибек Жолу көчөсүнөн Маевка айылына чейинки бөлүгү), М.Ауэзов көчөсү (Анкара көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгү), Ж.Пудовкин көчөсү (Токомбаев көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү) оңдолгону жатат. Оңдолуучу жолдун жалпы узундугу 7,44 чакырым экени айтылды.
"Бул долбоор кайтарымсыз гранттык жардамдын эсебинен ишке ашырылат",- деди экономика министри Темир Сариев.