Жыл башынан бери “капиталдык салымдар” беренеси боюнча республикалык бюджеттин чыгашалары 2 миллиард 550 миллион сомду түздү. Билим берүү мекемелеринин курулушуна 964 миллион 174 миң сом, саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулушуна 224 миллион 442 миң сом, маданият жана спорт мекемелеринин курулушуна 66 миллион 288 миң сом, жол тармагынын (автожолдор менен көпүрөлөрдүн) курулушуна 325 миллион 677 миң сом жумшалган. Калган каражат турак жай-коммуналдык чарба мекемелеринин, суу чарба курулмаларынын жана башка объекттердин курулушуна бөлүнгөнүн Каржы министрлиги билдирди.
Капиталдык салымдар - Кыргызстандын өкмөтүнүн токтому менен бекитилүүчү долбоорлорду сметалык каржылоону өз ичине камтыган өнүктүрүү бюджетиндеги берене. Мамлекеттик приоритеттүү социалдык-экономикалык мааниге ээ объекттерди өнүктүрүү үчүн пайдаланылат.