Украина парламенти 2-декабрда коалициялык көпчүлүк сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын жактырды. Тийиштүү документке 339 депутаттын 288и добуш беришкенин чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Өкмөттүн курамында Украинанын жарандыгын алган 3 чет элдик өкүл бар экени айтылды: экономикалык өнүктүрүү жана соода министри Айварас Абромавичус (Литва), каржы министри Наталья Яресько (АКШ) жана саламаттыкты сактоо министри Александр Квиташвили (Грузия).
Жогорку Рада аймактык өнүгүү, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-премьер-министр кызматына Геннадий Зубкону ("Пётр Порошенконун блогунан" талапкер), маданият боюнча вице-премьер-министрликке Вячеслав Кириленкону ("Элдик фронт"), инфраструктура боюнча вице-премьер-министрликке Валерий Вощевскийди (Радикалдык партия), министрлер кабинетинин министрлигине Анна Онищенкону ("Элдик фронт") бекитти.
Билим берүү министри кызматына Сергей Квит, Энергетика жана көмүр өндүрүшү министрлигине Владимир Демчишин (экөө тең "Пётр Порошенконун блогунан" талапкер), Ички иштер министрлигине Арсен Аваков, юстиция министрлигине Павел Петренко ("Элдик фронттон"), Жаштар жана спорт министрлигине Игорь Жданов, Экология жана жаратылыш ресурстары министрлигине Игорь Шевченко ("Батькивщина" партиясынан), Агрардык саясат министрлигине Алексей Павленко ("Өз ара көмөктөшүү" партиясынан), Социалдык саясат министрлигине Павел Розенко, Инфраструктура министрлигине Андрей Пивоварский ("Пётр Порошенконун блогунан" талапкерлер) бекитилди.
Жаңы түзүлгөн маалыматтык саясат министри кызматына "Пётр Порошенконун блогунан" талапкер Юрий Стець жактырылды.