Айта кетсек, араб өлкөсүндөгү иш сапарда президент менен кошо тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков, президенттик аппараттын жетекчисинин 1-орун басары Икрамжан Илмиянов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев, муфтий Максатбек ажы Токтомушев жана Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов жүрөт.
"Умра же кичи ажылык зыяраты кадимки ажылыктан айырмаланып атайын бир белгилүү убакытта гана зыярат кылынбайт, адам каалаган убакта умра кыла алат",- деп билдирет муфтият.