Жогорку Кеңеш 2015-жылдын бюджетин 2-окууда талкуулап жатат

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында 2015-жылга республикалык бюджеттин долбоору 2-окууда каралууда. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Экономика министри Темир Сариев 2015-жылы ички дүң продукциянын өсүшү 6,2 пайыз болору пландалып жатканын айтты. "Айрымдар "Дүйнөдө кризис болуп жатса, неге мындай жогорку көрсөткүчтү коюп алдыңар?" дешүүдө. Бул оптимисттик аракет, ушуга жетүүгө аракет кылышыбыз керек. Түз инвестициянын көлөмүн көбөйтүп, жаңы иш орундарын түзүү менен тобокелчиликтерди жеңип чыгууга туура келет. Өкмөт ИДПнын өсүшүн 6,2 пайыз деп белгилөө менен калтырат",- деди Сариев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан