Парламенттин 3-декабрдагы жыйынында депутат
Исмаил Исаков республикалык бюджеттин долбоорунда каралган министрликтердин бюджети 100 пайызга аткарылбай турганын айтып чыкты. Депутат бул боюнча министрлердин пикирин билүүгө кызыкты. "
Кана, кайсы министр айта алат? Кимиңер министрликтин бюджетинин 100 пайызга аткарыларына кепилдик бере аласыңар? Билим берүү, саламаттыкты сактоо, ички иштер министри орундарынан туруп жооп берсин",- деди Исаков.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бюджеттин 100 пайызга аткарыларын алдын ала айтуу мүмкүн эмес экенин, дүйнөлүк экономиканын таасири тиерин билдирди. Башка министрлер жооп беришкен жок.