Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоо боюнча жакында тендер өткөрүлөт. Муну парламенттин 3-декабрдагы жыйынында биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди. Айтымында, аталган ишти аткаруучу орган да аныкталды. “Малды паспорттоштуруу ишин талашкандар, тескерисинче, мындан качып жаткандар да болууда. Өкмөт бул ишти ошол качкандарга берүүнү чечти. Идентификациялоо ишин Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жасайт”,- деп билдирди Сарпашев.
Айта кетсек, өлкөдөгү малдар паспорттоштурулмайынча Кыргызстан Бажы биримдигине киргени менен, эт азыктарын биримдиктеги өлкөлөргө экспорттой албайт.