Темир Сариев: "Кыргызстан 5 айдын ичинде Бажы союзуна толук мүчө болот"

Кыргызстан 2015-жылдын май айына чейин Бажы биримдигине толук мүчө болот. Муну экономика министри Темир Сариев бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Сариев Орусияга батыш өлкөлөрү тараптан киргизилип жаткан санкциялар Кыргызстандын экономикасына жакшы пайда алып келиши мүмкүн экенине токтолду. “Кыргызстан 170 миллион адамы бар чоң рынокко кирүүгө мүмкүнчүлүк алып жатат. Албетте, Орусияга киргизилген чектөөлөр бизге да терс таасир берет. Бирок биздин айыл чарба продукцияларынын баалары 15 пайызга жогорулайт, бул өндүрүүчүлөр үчүн жакшы”,- деди министр.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан