Каржы министрлиги 2015-жылы негизги үч маселени чечүүнү пландап жатат. Муну каржы министри Ольга Лаврова бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңеште 2015-жылга республикалык бюджеттин долбоору каралып жатканда айтты. Лаврова билдиргендей, Каржы министрлиги кийинки жылы мугалимдердин, Чек ара кызматында жана мамлекеттик эмес кызматтарда келишимдик негизде иштегендердин айлыктарын көтөрүү боюнча маселени чечиши керек.
“2015-жылдын сметасында бир гана күч структурасы каралган. Биз бул тармактын маянасын көтөрүүнү быйыл март айынан баштадык. Тилекке каршы, башка министрликтердин айлыктарын көтөрүүнү бюджеттен караган жокпуз. Бирок каражат табууга аракет кылып жатабыз”,- деди министр.