Асылбек Жээнбеков: "Кумтөр" маселесин өкмөт чече албаса, анда парламент чечет"

Парламенттин 3-декабрдагы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" маселесин ары же бери кылууга убакыт келгенин билдирди. Спикер “Кумтөр” боюнча жаңы макулдашууну парламентке сунуштоону кечиктирип жатканы үчүн өкмөттү сынга алды.

“Парламент “Кумтөр” маселесин ушул айда карайт. Муну ары же бери кылышыбыз керек. Өкмөт чече албаса, “биз чече албай жатабыз" деп ачык айтышы керек, анда Жогорку Кеңеш чечет, биз муну аягына чыгарабыз”,- деди Жээнбеков. 

"Кумтөр" боюнча 50х50 пайыздык макулдашуу ишке ашпай калса, өкмөт ишкананы улутташтыруу сунушун парламентке алып келиши керектигин кошумчалады төрага. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан