Эсептөө палатасы бюджеттин абалын жакшыртуу үчүн өз сунушун берди

Жогорку Кеңеште бүгүн, 3-декабрда Кыргызстандын 2015-жылкы республикалык бюджети тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Жыйында өлкөнүн Эсептөө палатасы тарабынан бюджет долбоору боюнча бир катар сунуштамалар берилгени белгилүү болду. Алар төмөнкүлөр:

- мамлекеттик ишканалардан жана мамлекеттик акция үлүштөрүнөн алынчу кирешенин көлөмүн көбөйтүүнү камсыз кылуу;

- чыгымдарды пландаштыруунун укуктук-ченемдик документтерге шайкеш келүүсү боюнча мамлекеттик органдар менен мекемелердин ишине көзөмөлдү күчөтүү;

- социалдык чөйрөдө берилген жардамдар менен көрсөтүлгөн кызматтардын даректүүлүгүн бекемдөө;

- өлкөнүн экономикалык коопсуздугун эске алуу менен, узак мөөнөттүү мамлекеттик карыздарды башкаруу стратегиясын иштеп чыгуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан