Камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү департаментине 2 автоунаа алуу үчүн 5,5 миллион сом бөлүндү

Парламенттин 3-декабрдагы жыйынында депутат Эркингүл Иманкожоева ЖАМКнын Соттолгон жана камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү департаментине 2 автоунаа сатып алуу зарыл экенин билдирди. "Автоунаалары улам бузула берет экен, кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда жолдо калбашы керек. Кийинки жылдын бюджетинен акча бөлөлү",- деди депутат. 

Каржы министри Ольга Лаврова аталган мекемеге автоунаа сатып алуу маселеси чечилгенин, бюджеттен 5,5 миллион сом каралгандыгын билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары быйыл 31-октябрда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазык түзөтүү мекемелерин, Соттолгон жана камакка алынган адамдарды коштоп жүрүү департаментинин иши менен таанышышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан