2015-жылы жергиликтүү бюджеттин долбоорунун көлөмү 16 миллиард 660 миллион сомду түзөт

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңеште 2015-жылга республикалык бюджеттин долбоору талкууланууда. Өкмөттүн берген маалыматына караганда, 2015-жылы өлкөнүн жергиликтүү бюджетинин долбоорунун көлөмү 16 миллиард 660 миллион сомду түзөт же 2014-жылга салыштыруу боюнча 804 миллион сомго көбөйөт. Жергиликтүү бюджеттин көлөмүнүн өсүшү негизинен жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин көбөйүшү менен байланыштуу. Депутаттардын суроолоруна биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баштаган өкмөт мүчөлөрү жооп беришүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан