Мамлекеттик бажы кызматы быйыл 11 айда 37 миллиард сом киреше чогултту

Мамлекеттик бажы кызматы 2014-жылдын 11 айында 37 миллиард 449 миллион 500 сом чогултту. Муну менен план 101,3 пайызга аткарылганын же пландалган суммадан 492,5 миллион сом көп жыйналганын билдирет аталган органдын басма сөз кызматы. Маалыматка таянсак, Каржы министрлиги бажы алымдарынан ноябрь айында 4 миллиард сом жыйналышы керектигин белгилеген. "Ноябрь айы үчүн бажы алымдарынан түшкөн каражаттын суммасы 4 миллиард 762 миллион сомду түзүп, план 119 пайызга аткарылды. Башкача айтканда, пландалгандан 762 миллион сом ашыкча жыйналды",- деп айтылат маалыматта.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан