Түп районунда 103 үй жана 3 мектеп жер титирөөдөн зыян тарткан

Ысык-Көл облусундагы жер титирөөдөн Түп району боюнча 103 турак жай, 1 Фап, 3 мектеп жана 3 чек ара мекемеси жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Түп райондук жарандык коргоо комиссиясы 28-январь күнү болгон жер титирөөнүн кесепетин аныктап чыгышты. Мындан сырткары жер титирөөдөн зыян тарткан Ысык-Көл облусуна Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов барып, жабыркаган үй-бүлөлөргө жакындан жардам көрсөтүү жана турак жайга муктаж болгондорду тез арада убактылуу жашап туруу үчүн башка жактарга көчүрүү боюнча тапшырмаларды берген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан