"Кыргызстан биометрикалык каттоо боюнча Алмазбек Атамбаевдин демилгесин колдошу керек" дейт депутат Жумалиева

Кыргызстан келерки шайлоого чейин жарандардын биометрикалык маалыматын топтоо боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин демилгесин колдошу керек. Мындай пикирдин ээси депутат Элмира Жумалиева Жогорку Кеңешке шайлоо добуш берүүчүлөрдүн саны толук такталган формада гана өтүшү керектигин белгилейт. 
"Кийинки жылы парламенттик шайлоо өтөт. Жарандардын биометрикалык маалымат базасын түзүү демилгеси Кыргызстандын жарандарынын гана эмес, эл аралык коомчулуктун да колдоого алуусуна татыктуу. Таза шайлоолор гана биздин өлкөнүн мындан аркы демократиялык өнүгүшүн камсыздамакчы. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо айрым кемчиликтер кетиши мүмкүн, бирок ал жаңы президентти шайлоодо жокко чыгарылат. Кыргызстандын ар бир жараны президенттин биометрикалык каттоо боюнча демилгесин колдоого алууга тийиш",- дейт депутат.
Айта кетсек, өлкөдө жарандардын жеке маалыматтарын чогултуу кампаниясын 2015-жылдын жай айларында аяктоо пландалууда. Күзүндө парламенттик шайлоо өтөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан