Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында сугат суу тартыштыгы боюнча маселе көтөрүлдү. “Сугат суу жетишпегендиктен, аймактарда митингдер чыгып жатат”,- деп билдирди депутат Дастан Жумабеков жыйында. Депутат ар бир облуска чакан суу сактагычтарды куруу үчүн өкмөттөн кийинки жылдын бюджетинен каражат бөлүүнү суранды. “Быйыл сугат суунун тартыштыгынан дыйкандардын эгиндери жакшы болбой калды. Өкмөттөн акча бөлүп, чакан суу сактагычтарды куруп берсек маселе чечилмек”,- дейт Жумабеков.
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев буларды айтты: “Ар бир облуска суу сактагыч куруу үчүн чоң акча керек. Биз 300-400 миллион сом коротуп салганыбыз менен, ал бүтпөгөн объектилер сыяктуу калып калат”.