Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева Эсептөө палатасынын кызматкерлерине түрткү берүү үчүн бөлүнгөн 26 миллион сомду Саламаттыкты сактоо министрлигине которууну сунуштады. Депутат аталган сумманы кургак учуктан жабыркаган жарандар үчүн жумшоону демилгелеп жатат. Көп жылдардан бери кургак учук жана ВИЧтен жабыркагандарды дарылоо донордук уюмдардын жардамы менен ишке ашып жатканын белгилеген Ниязалиева: "Быйыл бюджеттен 30 миллион сом бөлүнсө, алар 70 миллион сом бөлөрүн маалымдашты",- деп билдирди.
Жыйында 2015-жылдын республикалык бюджетинин долбоору талкууланууда.