Жогорку Кеңеш Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен биргеликте кыргыз тилинин абалы боюнча илимий конференция өткөрөт. "Кыргызстандын мыйзамдарындагы мамлекеттик тилдин маселелери" деп аталган жыйын 2015-жылдын 11-12-февралында өтүп, анда эне тилге тийиштүү мыйзамдар, кыргыз орфографиясындагы талаштуу учурлар, терминология, жаңы сөздөрдүн кошулушу, которуу ишинин кыйынчылыктары жана башкалар боюнча кеңири талкуу болот. Конференциянын максаты - кыргыз тилиндеги талаш туудурган жагдайларга парламент менен тилчилердин пикир алышуусунун алкагында илимий негиз издөө. Маалыматты бүгүн, 3-декабрда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.