Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 3-декабрда Башкортостандын президенти Рустэм Хамитов менен жолугушту. Оторбаев көп кырдуу кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгында аймактык байланыштын орду жогору экенин белгилеп буларды айтты:
"Кыргызстан менен Башкортостандын айыл чарба, өндүрүш, туризм тармагында кызматташуусунун потенциалы жогору. Эки өлкө ортосундагы товар айлантуунун ыкчам динамикага ээ болуусу маанилүү. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Башкортостандын ортосундагы товар айлантуу 224 миллион 182 миң долларды түздү".
Тараптар Кыргызстанга минералдык жер семирткичтерди жеткирүү мүмкүнчүлүгүн, Кыргызстандын айыл чарба азык-түлүктөрүн Орусияга жөнөтүүнү, маданият, билим берүү жаатында кызматташууну такуулашты.
Жоомарт Оторбаев аталган өлкөгө жасаган иш сапарында жогорку окуу жайлардын ректорлору, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууларды өткөргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.