Депутаттар 2015-жылга республикалык бюджеттин долбоорун чийки дешүүдө

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат. Жыйында депутаттар бюджет долбоорунун бир катар кемчиликтерин айтышты. Депутат Чыныбай Турсунбеков: “Мен көп нерсе айтайын дегем, бирок Кыргызстан кийинки жылы Бажы биримдигине кирип жаткандыктан, ага байланышкан эч кандай сунуштар же божомолдор жок экен”,- деди. Ал эми Исмаил Исаков буларды айтты: “Каралып жаткан бюджеттин долбоору коррупцияны күчөтөт. Биз комитеттерде да карап чыкканбыз. Бирок анда айтылган сунуштардын бири да киргизилбептир. Бюджет чийки. Мен депутаттарды колдобоого чакырам”

Талкуу уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан