Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда диний билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү керектигин айтты

Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев 3-декабрда Орусиянын Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Талгат Таджуддин менен жолугушуп, сүйлөшүү маалында Кыргызстан диний саясат боюнча жакында жаңы концепция кабыл алганын билдирди. "Концепцияда башка жарандардын эркиндиги менен укугунун бузулушуна, динди саясатташтырууга, жарандардын диний радикалдашуусуна жол бербөө үчүн диний уюмдардын ишмердүүлүгүнүн чегин аныктоого көңүл бурулууда. Диний билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү аракети жасалууда",- деди өкмөт жетекчиси. 
Орусиялык муфтий өлкөлөр ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө зарыл экенин белгиледи.
Тараптар диний багытта тажрыйба алмашуу, экстремизмдин алдын алуу жаатында да пикир алышканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан