Кыргызстанда 4 гана мамлекеттик кызматкер бизнес-класста учууга укуктуу: президент, премьер-министр, парламент спикери жана Жогорку Соттун төрагасы. Муну парламенттин 3-декабрдагы жыйынында депутат
Анарбек Калматов эске салып, башка чиновниктердин бизнес-класста учуусуна 2015-жылдын бюджети аркылуу тыюу салууну сунуштады.
"Республикалык бюджетти бекитип жатып "башка мамлекеттик кызматкерлер эконом-класста гана учушу керек" деген пункт киргизип коёлу. Көрүп жатабыз го, иш сапарларга чыкканда депутаттар эконом-класс менен учушат, министрлер бизнес-класста учушат",- деди депутат.
Айта кетсек, парламентте бүгүн каржы министри Ольга Лаврованын 2013-жылы бизнес-класстын кызматынан пайдаланып, мамлекетке 400 миң сомдой чыгаша алып келгени көп айтылды.