Сабырбек Жумабеков Талас облусундагы Казакстандын ардактуу консулу болду

КРнын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору А.Үмүталиев Бишкек шаарынын чегинде дайындалган Фиджинин ардактуу консулу Нурлан Бактыбаевге, Кыргызстандагы Финляндиянын ардактуу консулу Анвар Праздниковго жана Талас облусундагы Казакстандын ардактуу консулу Сабырбек Жумабековго экзекватураларды тапшырды.

Н.Бактыбаев 2010-жылдан бери «Берен курулуш» курулуш компаниясынын президенти жана Кыргызстандын зергерлеринин ассоциациясынын вице-президенти болуп эсептелинет. Бишкек шаарынын чегинде консулдук милдеттерин аткарууга Фиджи Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин көрсөтмөсү менен уруксат берилди.

А.Праздников «Керамин» көп тармактуу холдингди жетектейт. Ардактуу консул катары милдеттерин аткарууга Финляндиянын Казакстан Республикасындагы элчилигинин өтүнүчү менен уруксат берилди.

С.Жумабеков азыркы мезгилде Кыргыз Республикасынын Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборун жетектейт. Консулдук милдеттерин Талас шаарында, Талас облусун камтыган консулдук чөлкөмүндө аткарууга Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын элчилигинин демилгеси менен уруксат берилди.

Кыргыз Республикасындагы Фиджи, Финляндия жана Казакстан мамлекеттеринин ардактуу консулдарынын кеңселеринин ачылышы Кыргызстан менен аталган мамлекеттер ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан