Жогорку Кеңеш 2 маселени кароону себепсиз артка жылдырды

Жогорку Кеңештин 3-декабрдагы жыйынында депутаттар 2 мыйзам долбоорун кароону себепсиз кийинкиге калтырышты. Бүгүн кечке чейин парламентте Кыргызстандын 2015-жылга республикалык бюджетинин долбоору талкууланды. Бюджет долбоору каралып бүткөндөн кийин депутаттар дагы бир маселени карап, чечим кабыл алышты. Мындан кийин спикер Асылбек Жээнбеков калган эки маселени кийинкиге калтырууну сунуштады. "Азыр депутаттардын баарынын ою башка жакта, эффективдүүлүк болбой калат. Маселени кароону кийинкиге калтыралы",- деди спикер. Отургандарга төраганын сунушу жакты. Ошентип, депутаттар иш күнүнүн аякташына 1 саат убакыт калганда жыйынды токтотушту. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан