3-декабрда Каржы министрлигинин Окуу борборунда аталган министрликтин кызматкерлеринин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда бюджеттик ачык-айкындык боюнча семинар өттү. Эксперт Чынара Маматова семинардын катышуучуларына бюджеттик ачык-айкындык стандарттары тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, ачык-айкындык, жарандык коомдун бюджеттик процесске катышуусу, институттардын ортосунда функциялардын так бөлүштүрүлүшү, маалыматтын сапаты жана аныктыгы стандарттардын негизин аныктайт. Стандарттар боюнча төмөнкү негизги бюджеттик документтер коомчулук үчүн жеткиликтүү болууга тийиш:
1. Алдын ала бюджеттик билдирме;
2. Бюджеттин долбоору;
3. Бекитилген бюджет;
4. Жарандык бюджет;
5. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө ар айлык отчёттор;
6. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө жарым жылдык сереп;
7. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчёт;
8. Бюджеттин аткарылышын текшерүү жөнүндө отчёт.
Эксперттер Эл аралык бюджеттик өнөктөштүк бюджеттин ачыктыгын изилдеп, 2006-жылдан баштап эки жылда бир жолу бюджеттин ачык-айкындык индексин жарыялап келе жатканын белгилешти.