Каржы министрлиги: "Экономиканы өнүктүрүү фонду документтерди өткөрүп алууну создуктурууда деген пикир негизсиз"

Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду кредиттик документтердин Каржы министрлигинин Мамлекеттик карыз башкармалыгынан өткөрүлүп берилишинде катачылык жок экенин билдирет. Муну 3-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган фонд буларды маалымдады:

"Көзөмөлдөө үчүн кредиттик документтерди Мамлекеттик карыз башкармалыгынан Мамлекеттик фондго өткөрүп берүү тууралуу тапшырма 2014-жылдын 12-мартында берилген. Бул тапшырманы аткаруу иретинде 2012-2013-жылдарда, өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актына ылайык, 16 келишим, 2014-жылы 44 келишим өткөрүлүп берилген. Көзөмөлдөөгө өткөрүлүп берилген 60 келишимдин 48и же 80 пайызы өткөрүлүп берилген кезге чейин Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду тарабынан каралган. Демек, Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду документтерди өткөрүп алуу процессин создуктуруп жатат деген пикир негизсиз".  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан