"Коопсуз шаар" долбоору боюнча 5 компаниянын сунуштары ачылды, комиссия аларга 2 айдын ичинде баа берет

Кыргызстанда "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердик комиссия 1-декабрда 5 компаниянын сунуштарын ачты. Муну Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Долбоорду ишке ашыруу укугун утуп алууга катышып жаткан компаниялар төмөнкүлөр: 
"Dessa International S.R.L." (Молдова); 
"Shenzhen Topform Computer Tehnology Co. Ltd." (Кытай); 
"Ozone Iletişim Teknolojileri" (Түркия); 
"Стилсофт Бишкек" (Кыргызстан); 
"Anteo Worldwide" (Швейцария).
Тендердик комиссия бардык катышуучулардын сунуштарын карап, 2 айдын ичинде жеңүүчү компанияны аныктамакчы. 

Айта кетсек, аталган долбоор ишке ашса, өлкөдө автоматташтырылган видеобайкоо, фото жана видеофиксация системи иштеп баштайт. Ошондой эле каттоонун бирдиктүү электрондук борборун түзүү жагы каралган. 

Бул жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү боюнча укук коргоо органдарынын, Башкы прокуратуранын ишинин натыйжалуу болушуна шарт түзмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан