Жоомарт Оторбаевдин Башкортостандагы иш сапарынан фоторепортаж
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 3-декабрда Башкортостанда иш сапары менен болду. Өкмөт жетекчиси аталган өлкөнүн президенти Рустэм Хамитов менен жолугушуп, айыл чарба, өндүрүш жана туризм тармагы боюнча кызматташууну талкуулады. Мындан тышкары премьер жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууларды өткөрдү жана "Алексеевский" совхозунда болуп айыл чарба багытындагы алдынкы технологиялар менен таанышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.