Башкы прокуратура депутат
Нурлан Төрөбековду кол тийбестиктен ажыратууну Жогорку Кеңешке сунуштады. Муну парламенттин 4-декабрдагы жыйынында спикер
Асылбек Жээнбеков билдирди. Төрага депутаттын маселесин кароо үчүн бүгүнкү жыйынга башкы прокурор
Аида Салянова чакырылганын айтты. Депутаттар башкы прокурордун ишине нааразычылык айтышууда.
Айта кетсек, Нурлан Төрөбеков жасалма дипломду пайдаланып жүргөнү үчүн айыпталууда. Тактап айтканда, депутатка карата “алдамчылык” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Фактыны иликтеген депутаттык комиссиянын айрым өкүлдөрү депутаттын жасалма диплом менен жүргөнү аныкталганын жакында жарыялашкан эле.