Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында айрым депутаттар өздөрүнүн статусу кордолуп жатканын айтып чыгышты. Депутаттар Башкы прокуратуранын бөлүм башчысынын депутаттардын парламентте сүйлөгөн сөздөрүнө баа берүү үчүн стенограмманы сураганына нааразы.
"Башкы прокуратура депутаттын статусу тууралуу мыйзамды билбейби? Парламенттик башкаруу делген өлкөдө бир бөлүм башчы депутаттардын сөзүнүн стенограммасын суратып жатат. Депутаттык статусубузду алардын эсине салып коюшубуз керек экен. Же эмне 1937-жылга кайттыкпы? Эми кантип сүйлөөнү Башкы прокуратурадан сурашыбыз керекпи?"- дешти депутаттар.
Депутат Бөдөш Мамырова парламентте жабырлануучунун арызын окуп койгону үчүн Башкы прокуратурадан телефон чалуу болгонун билдирип: "Менден сурак алуу үчүн башкы прокурор Аида Салянова өзү келсин же Конституцияны жакшылап окуп чыгышсын",- деди.