Депутаттар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын укугун коргоочу мыйзамдар иштебей жатканын айтышты

Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын көйгөйлөрү көтөрүлдү. Депутат Дамира Ниязалиева ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун коргоого алган бир топ мыйзамдар иштебей жатканын билдирди. 

“Мыйзамдар экономикалык шартка жараша иштебей жатат. Бирок акчасы жок деле айрым мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берсек болот. Азыр бизден суранып жатышат, “өкмөткө жана Бишкек мэриясына кайрылып, транспортто жүрүү мүмкүнчүлүктөрүн дагы жеңилдетип бергиле” деп. Азыр алардын коомдук унааларда 50 пайыз жеңилдик менен саат эртең мененки 9дан кечки 5ке чейин жүрүү мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Ошону саат 8ден 6га чейин деп узартып берүүнү суранып жатышат. Андан сырткары айдоочулардан ар бир аялдамага жеткенде микрофон менен аялдаманын атын айтып турууну суранышууда”,- деди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан