"Экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин ою боюнча, бензиндин баасы боюнча өкмөт өкүлдөрү эмес, тийиштүү органга мен тапшырма беришим керек экен",- деп билдирди депутат Исмаил Исаков парламенттин 4-декабрдагы жыйынында. Депутат октябрда АИ-98 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 1 сомго кымбаттап кеткени боюнча аталган министрликке кат жибергенин, бирок туура эмес жооп келгенин айтты. Экономика министри Темир Сариевге кайрылып: "Сиздин орун басарыңыз Ибраев бензиндин баасынын көтөрүлүшүн көзөмөлдөө боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине мен кайрылышым керектигин айтып кат жазды. Бул эмне дегендик? Өкмөткө мен тапшырма берип жатсам, ал кайра мага тапшырма берүүдө. Орун басарыңызга жооп берүүнү үйрөтүп коюңуз",- деди депутат.
Темир Сариев сунуш эске алынарын айтты.