Темир Сариев Бажы союзуна кирсе эле өлкөнүн азык-түлүгү шыр экспорттолоруна кепилдик бере албай турганын моюнга алды

Бажы биримдигине киргенден кийин тарифтер Кыргызстандын мыйзамдары менен түзүлөт. Муну парламенттин 4-декабрдагы жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. "Кыргызстандын өзүнүн мыйзамдары бар, өкмөт бир катар мыйзамдарды Бажы союзунун мыйзамдарына шайкеш келтирүүдө. Бардык иштер Кыргызстандын мыйзамдары менен гана жүрөт. Электр энергиясынын тарифтерин өзүбүз аныктайбыз",- деди министр.  
Сариев аталган биримдиктин талаптарына ылайык келген товарлар гана экспорттоло турганын билдирип, депутаттардын "Демек, Бажы союзуна кирсек эле товарларыбыз биримдиктеги өлкөлөргө шыр киргизилет деп кепилдик бере албайт экенсиңер да?" деген суроосуна "кепилдик берүү кыйын" деп жооп берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан