Бүгүн, 4-декабрга карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 58 сом 20 тыйындан сатылып жатат. Ал эми доллардын сатып алуудагы наркы 57 сом 95 тыйын болууда. 2013-жылдын декабрь айындагы көрсөткүч менен азыркы учурдагы көрсөткүчтү салыштырганда, 1 жыл ичинде доллар 10 сомго же 20 пайызга (орто эсеп менен) кымбаттаган. Доллардын курсунун жогорулашы өлкөдөгү азык-түлүктүн бааларына да таасирин тийгизип, айрым товарлардын баасы өсүүдө.