Энергетика министри: "Кара-Кече" кенинин аймагына Жылуулук электр борборун куруу аракети жүрүүдө"

"Кара-Кече" көмүр бассейнине Жылуулук электр борборун куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Муну энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди. Бүгүн, 4-декабрда парламентте депутат Мыктыбек Абдылдаев “Кара-Кечеге ЖЭБ куруу боюнча президент да, өкмөт башчы да айткан. Бул иш эмне болду?" деп сурады эле, Турдубаев ЖЭБ куруу боюнча чет өлкөлүк компания иш жүргүзүп жатканын маалымдады. Экономика министри Темир Сариев электр энергиясын үнөмдөө үчүн кошумча станциялар курулушу керектигине токтолду. “Кургакчылык болуп, электр энергиясынын тартыштыгы ар дайым болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн биз бир эле Кара-Кечеге эмес, башка жактарга да курсак болот. Бул кошумча энергия берүүчү күч болуп калат”,- деди Сариев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан