Жогорку Кеңештин 4-декабрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө газ түтүгүн тартуу долбоору качан ишке ашарына кызыгышты. Экономика министри
Темир Сариев мындай план токтотулганын президент
Алмазбек Атамбаевге шилтеме берүү менен билдирди.
"Президент жакында өзүнүн интервьюсунда бул долбоордон баш тартылганын айтты. Бул кымбат долбоор болуп калат экен. Мунун ордуна башка варианттар сунушталууда, тактап айтканда, Баткенде көмүрдөн синтетикалык газ өндүрүү жана аймактагы жаңы газ корлорун иштетүү жагы каралууда",- деди министр.
Эскерте кетсек, жакында Алмазбек Атамбаев түштүктө жаңы табылган газ корлору аймакты 5-10 жылга газ менен камсыздай аларын билдирген эле.